АТАМБАЕВ ММК АРКЫЛУУ СУРАК БЕРҮҮ ОЮНАН КАЙТТЫ

467

Кубатбек Айбашов, Некст ТВ. Экс-президент Алмазбек Атамбаев кримтөбөл Батукаевдин иши боюнча  ИИМдин тергөөчүлөрүнө жазуу жүзүндө сурак берүүгө даяр экенин билдирди. Бирок, жактоочусу Сергей Слесарев белгилегендей, Атамбаев мурдараак убада кылгандай ММК аркылуу эмес, тергөөчүнүн өзүнө гана кат жүзүндө жооп берет.

— Мен Атамбаевдин каалоосун ИИМ кызматкерлерине айттым. Алар мындай формат аларды канааттандырбашын, Атамбаевдин жеке катышуусу зарылдыгын билдиришти. Бирок, Атамбаев эч кандай суракка барбай турганын, анткени мындай талап укуктук талаанын алкагынан чыгып кетээрин айтууда, — деп билдирди жактоочу Сергей Слесарев.

“Апрель” телеканалына берген маегинде экс-президент Алмазбек Атамбаев анын юристтери суракка чакыруунун мыйзамсыздыгы боюнча Конституциялык палатага кайрылышканын кабарлаган.

— Алгач Конституциялык палата бул маселеге чекит коюшу керек. Менин өкүлүм Сергей Слесарев кечээ ИИМде болуп, тиешелүү жетекчилерге жолуккан жана тергөө иштери аксабашы үчүн кандайдыр бир түшүнүшүүгө келүүнү сунуштаган. Же Конституциялык палата бул абалды карап, менин юристтерим туурабы же ИИМ менен Жогорку Кеңештики туурабы чечип берсин. Же менин юристтерим тергөөчүлөр менен чогуу отуруп алып укуктук талаанын алкагынан чыкпай туруп тергөө ишин жылдыруу аракеттерин кылышсын, — дейт Алмазбек Атамбаев.

Эске салсак, кечээ президент Сооронбай Жээнбеков экс-президент А.Атамбаевдин айланасындагы кырдаал боюнча алгачкы жолу пикирин билдирген.

— Мурдагы президент менен менин мамилеме, ага карата менин позицияма элде кызыгуу бар. Акыркы мезгилде анын айланасында ар кандай окуялар болуп жатат. Мына, күбө катары суракка чакырылып жатат. Бул эми мыйзам ченемдүү көрүнүш. Мыйзамдуу өлкөдө мыйзамдын алкагында гана аракеттер болушу керек. Ким болбосун – мурунку президентпи, мурунку премьер-министрби же депутатпы, же аскер кызматкериби, же катардагы чиновникпи – баарына тең мыйзам бирдей болушу керек, — деген президент.