БИШКЕКТЕГИ САРКЫНДЫ СУУЛАРДЫ ТАЗАЛООЧУ СТАНЦИЯ ИШТЕН ЧЫГУУ КОРКУНУЧУНДА ТУРАТ

161

Алина Жапаркулова, Некст ТВ. Борбор калаадагы канализациядан чыккан саркындылар тазалоонун алты этабынан өткөндөн кийин кайра колдонууга берилет. Алгач саркынды суу чоң-чоң таштандылардан арылыш үчүн атайын тосмодон, андан соң кум, таш, шагылды тазалап салчу чыпкалардан өтөт.

“Шаарсууканал” муниципалдык ишканасынын алдындагы “Шаар канализациясы” өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгынын башчысы Кемелбек Алтымышев белгилешинче, ыплас сууларды тазалоочу станция жедеп эскилиги жеткен, зарыл чаралар көрүлбөсө чирип кетүү коркунучунда турат.

— Бул ишкана 1969-жылы долбоор менен курулуп, биринчи этабы катары саркынды сууларды механикалык тазалоо цехи 1976-жылы ишке кирген. Экинчи этабы – биологиялык тазалоо цехи 1980-жылы курулган. Андан бери иштеп жатканына 40 жылдан ашып кетти. Бул аралыкта бү курулмалар, бассейндер эскилиги жетип, металлдары чирип, толук алмаштыруу зарылдыгы чыкты.

Учурда саркынды сууларды тазалоочу бул станцияда 150дөй жумушчу иштейт.  Ал эми ишканага бюджеттен эч кандай каражат бөлүнбөйт. Андагы жумушчулар өкмөт жабдууларды оңдоого, алмаштырууга каражат таап жана кызматкерлердин айлыгын көтөрүп беришсе жакшы болмок дешет.

Цехтин жумушчусу Жыргалбек Жайлообаев 7 жылдан бери аталган станцияда иштеп келет.

— Биздин жумуш жалаң колдо аткарылат. Техникаларга, жабдууларга тетиктери жок, иштебей турат. Жагымсыз жыттын зыяндуулугу саламаттыгыбызга терс таасирин тийгизбей койбойт – дейт Жыргалбек Жайлообаев.

Саркынды сууларды тазалоочу жайдагы жумуш оор болгонуна карабастан бул жерде аялдар дагы иштешет. Алардын бири Любовь Чернова, ал дагы айлык акылары аз экендигин баса белгилейт.

— Мен 4 жылдан бери жумуш оор болсо дагы бул жерде иштеп келем. Айлыгыбыз аз. Анын үстүнө, жабдуулар дагы эскирип, жумушта кыйынчылык жаратпай койбойт.

Шаар канализациясынын башчысы башка өлкөлөрдө  эбак эле заманбап суу канализациялары курулгандыгын жана бизде дагы жаңы станция курулса жакшы болот эле дейт.

— Мындан 3-4 жыл мурда мен Хорватиянын борбору Загреб калаасына барып, алардын тазалоочу курулмасы менен таанышып келдим. Бүт заманбап технология менен курулган. 2-3 эле киши иштейт экен – дейт Кемелбек Алтымышев.