Давос дүйнөлүк экономиканы талкуулап жатат

457

Кечээ Давосто Дүйнөлүк экономикалык форум (ВЭФ) башталды. Үч күндүк бул форумга дүйнөнүн ар тарабынан мамлекет башчылары жана таасирдүү бизнесмендер чогулушкан.

Форумдун бул жолку темасы “Төртүнчү өндүрүштүк революциянын алкагында жаңы архитектура түзүү” деп аталат.

Расмий ачылыш аземинде ВЭФтин аткаруучу директору Клаус Шваб алдыдагы приоритеттерди атады: адамзаттын жыргалчылыгы жана дүйнөлүк туруксуздуктун фонунда бул “архитектуранын” бекемдиги (жылдын экинчи жарымында экономикалык кризистин жаңы толкуну күтүлүүдө).

Форумдун бул 49-сессиясы бир катар жаш лидерлердин төрагалыгы астында өтүүдө. Алардын ичинде Европалык жаштар парламентинин башкаруучулар кеңешинин мүчөсү Нура Берруба бар.

“Былтыр Дүйнөлүк экономикалык форумду коомчулуктун көңүлүн гендердик тенсиздикке буруу үчүн аялдардан турган теңтөрагалардын тобу түзүлгөн эле. Бул жолу укукту жаштарга беришти. Муну менен жаштар да өз пикирлерибизди билдирүүгө укуктуу экенибизге ишарат болду”, — дейт Нура Берруба.

Биринчи күн климаттын глобалдык ысышы жана аны менен күрөшүү ыкмаларына арналды. Бразилиянын жакында шайланган президенти Жаир Болсонару экономика менен экология маселесин эриш-аркак кароого чакырды.

“Биздин бүгүнкү миссиябыз айлана-чөйрөнү жана биотүрдүүлүктү коргоо боюнча чараларды көрүү менен бирге өлкөгө зарыл экономикалык өнүгүүнү камсыздоо. Ошол эле мезгилде бул экөө ажырагыс, тыгыз байланыштагы маселелер экенин унутпашыбыз керек”, — деп сүйлөдү Бразилия лидери.

Ал эми Гарвард университетинин профессору, Эл аралык валюта фондунун мурунку башкы экономисти Кеннет Рогофф Улуу Британияны кысмакка алуу Евробиримдикке аброй алып келбейт деп эсептейт.

“Европа Улуу Британияга карата катаал мамиле жасап жатат. Бирок, Брюсселдин позициясы көп деле күчтүү эмес экен. Каржы борборун Парижге же Франкфуртка жылдыруу идеясы ишке ашпайт. Бул ондогон жылдарга созулат. Мен ойлойм, каржы секторун Британиядан бөлүп кетүү процесси Европада өндүрүмдүлүккө чоң сокку урат”, — деген пикирде экономист Кеннет Рогофф.

Давос форуму 1971-жылдан бери өтүп келатат. Бул жолку иш-чарага бир катар дүйнөлүк лидерлер өз өлкөлөрүндөгү маанилүү маселелерден улам келбей калышты. Дональд Трамп АКШдагы “шатдаунга” байланыштуу, Эммануэль Макрон – “сары желекчендердин” протестинен улам, британ пребмери Тереза Мэй – “Брэксит” (Британиянын Евробиримдиктин курамынан чыгышы) маселесинин айынан келбей калса, Кытай лидери Си Цзиньпинь орун басарын жөнөткөн. Форумга Орусия президенти Владимир Путин да келбей калды.