Дарига Назарбаева президенттикке талапкерлигин койбойт

131

Мындай жарыяны Казакстан Сенатынын Төрайымы Д.Назарбаеванын жардамчысы Сауле Мустафаева Tengrinews жаңылык порталына билдирди.

Казакстанда чукул президенттик шайлоо 2019-жылдын 9-июнь күнү өтөт.

Казакстандын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин улуу кызы Дарига Назарбаева жакында Сенаттын Төрайымы болуп дайындалган. Анын жаңы кызматы – өлкөнүн саясий системасындагы иерархияда экинчи орунда турат. Назарбаеванын парламенттин жогорку палатасынын жетекчилигине талапкерлигин жаңы президент Касым-Жомарт Токаев сунуштаган.