“ДЕМОКРАТИЯ ЖАНА ЖАРАНДЫК КООМ ҮЧҮН” КОАЛИЦИЯСЫНДАГЫ ЖЕТЕКЧИЛИК ОРУН КИМГЕ БУЙРУЙТ?

153

Жоодар Бузумов, Некст ТВ. “Демократия жана жарандык коом үчүн коалиция” бейөкмөт уюмунда жетекчилик орун талашка түштү. Мына ошол себептен аталган коомдук бирикменин жер жерлерден келген мүчөлөрү  кеңсеге кире албай убара тартып жатышат. Алтургай кечээ кызматкерлер арасында түшүнбөстүктөр жаралып, бири-бирине күч колдонуу менен эшикке сүрүп чыгарып коюуга чейин барышкан.

Быйыл 22-июнда жалпы чогулушта аталган бейөкмөт уюмдун президенти болуп шайланганын айткан Бакыт Рысбеков, өзүнө чейин убактылуу жетекчи катары дайындалган Эрик Ирискулбеков кеңсени, мөөрдү жана башка материалдык баалуу буюмдарды өткөрүп берүүдөн баш тартып жатканын айтат.

Бакыт Рысбековдун айтымында, Ирискулбеков коомдук бирикменин ар бир мүчөсү менен жолугуп, иштин алдыга жылбай жатышына анын «жетекчинин милдетин убактылуу аткаруучу» деген макамы тоскоол болуп жактанын айтып, аларды ынандыруу менен өзүн мыйзамсыз шайлатып алган. Уставга ылайык, Директорлор кенеши жаңы жетекчиликке талапкер көрсөтүп, жалпы жыйынга алып чыгуусу керек эле дейт.

— Быйыл 22-июнда коалициянын мүчөлөрүнүн чогулушу болгон. Ал чогулушта уюмдун Кыргызстан боюнча бардык мүчөлөрү чогулуп келип чечимин кабыл алган. Ага ылайык жаңы Директорлор кеңеши, Ревизиялык комиссия шайланган жана уюмдун жетекчиси катары мен Бакыт Рысбеков бекигем. Ошондон баштап азыркы күнгө чейин кеңсени мыйзамсыз ээлеп отурган Эрик Ирискулбековго колундагы мөөрдү, уюмдун күбөлүгүн жана башка материалдык баалуулуктардын баарын тең өткөзүп берүүнү суранган эки жолу билдирүү жөнөтүлгөн. Бирок, ал бүгүнкү күнгө чейин каршылык көрсөтүп келет – дейт Бакыт Рысбеков.

Бакыт Рысбеков кеңсеге кире албай жатканын, ал эми чогулуш өткөргөн мүчөлөрдү Эрик Ирискулбеков “рейдерлик басып алууга” айыптап келатканын кошумчалады. Бирок кандай болгон күндө дагы мыйзам биз тарапта деген мүчөлөр аягына чейин күрөшүүгө даяр. Анткени, буга чейин Юстиция министрлиги Эрик Ирискулбековду коомдук бирикменин жетекчиси кылып каттоодон баш тартканын маалымдашты.

Ал эми коалициянын мүчөлөрү Тимур Арыков менен Элмурат Абдыкеримов уюмдун ичиндеги жетекчилик орунду талашкан жагдайда Эрик Ирискулбековдун аракеттерин мыйзамсыз деп эсептешет. Тимур Арыков “Эрик Ирискулбековдун бүгүнкү күндө анын уюмдун жетекчиси катары тастыктоочу кандайдыр бир документи жок. Анткени, ал үчүн жалпы мүчөлөрдүн жыйынынын протоколу же чечими болуш керек. Андай чечим ага чыккан эмес” деп билдирет.

Уюмдун башка бир мүчөсү Элмурат Абдыкеримов “Ирискулбеков туура эмес жолдор менен шайланган. Башында 2 айга гана убактылуу шайланып алып, анан региондорго калп эле мыйзамдарды талкуулоого барган адам болуп, бул жактан атайын даярдап барган протоколдоруна кол койдуруп алып, президент болуп шайландым деп жарыялаган” дейт.

Эрик Ирискулбековго болсо коалициянын жетекчиси өзү экенин айтып, уюмду ээлеп алуу аракети былтыр башталганын билдирди. Бирикмеде жалпысынан 100гө чукул мүчө бар. Алардын 37си гана легитимдүү деген Ирискулбеков, өткөн жылдын 1-ноябры күнү уставдын жоболоруна ылайык коомдук бирикменин мүчөлөрү жыйынга чогулуп, бир добуштан президент катары шайланганын айтууда. Бирок ошол жалпы жыйынга мүчөлөрдүн толук саны катышкан эмес. Анткени ички эрежеге ылайык, коомдук бирикменин төлөмдөрүн төлөбөй келген өнөктөштөр коалициядан четтетилет.  Алардын катарында бүгүн жетекчиликти талашып жаткан Рысбеков жана анын жанындагылар бар дейт.

— “Эрик Белекович Ирискулбеков уюмдун президенти кызматына бекитилсин” деген маселе менен сурамжылоо барагы болгон. Менин талапкерлигимди Директорлор кеңеши көтөргөн, жүздөн ашык мүчө колдогон. Бирок, алардын ичинен мүчөлүк акыны төлөгөнү 37 адам экен.

Ошондой эле, Ирискулбеков Юстиция министрлигине административдик доо арыз жазганын жана тергөө органдарына арызданууга камынып жатканын кошумчалады.

“Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясы 1998-жылы негизделген. Түзүмдүн ар бир облуста жана Бишкекте өкүлчүлүгү, миңге жакын мүчөсү,  жүздөн ашуун өнөктөш уюму бар. Негизги миссиясы – шайлоо системасынын ачыктыгын камсыз кылууга, жарандардын укук тууралуу билимин жогорулатууга көмөктөшүү. Коалициянын мурдагы жетекчилеринин катарында саясатчы Эдил Байсалов жана укук коргоочу Динара Ошурахуновалар белгилүү.