“ДОРДОЙ” БАЗАРЫНДАГЫ ӨРТ ИРИ КАМПАНЫ КҮЛ КЫЛДЫ

208

Жаңылай Баймуратова, Некст ТВ. 4-август күнү “Дордой-1” конушунун 9-көчөсүндө жайгашкан үй-тиричилик техникалары сакталган кампадан өрт чыккан. Ал бүгүн саат 10:14тө толук өчүрүлдү. Кампанын атын атагысы келбеген жумушчусу товардын жалпы суммасы 3 миллион долларды түзө турганын айтты.

Жаңы конуштун тургуну Зулайка Орунова билдиргендей, кампадан 50дөй күйүп кеткен кир жуучу машиналар чыгарылган. Зулайка айымдын айтуусунда, жашаган батири өрт чыккан кампага жанаша болгондуктан, кийим кечелерин алып сыртка чыкканга араң жетишкен.

— Сыртка чыгып баратып көрүп калдым. Өрт кампанын биз тарабынан башталган экен. Үйдө жолдошум менен балам жаткан, жаныбыздагы коңшубуздун үйүндө бешиктеги баласы бар болчу. Аларга “чыккыла, болгула!” деп кыйкырып, бешиктеги баланы көтөрүп, эчтекеге карабай көчөгө качып чыктык, — деп баяндайт Зулайка Орунова.

Жалындаган өрт кечки саат 7:30дар чамасында башталган. Күбөлөрдүн айтуусунда кара түтүн чыгып баштаар замат кампада иштеген кароолчулар өрт өчүрүүчү кызматка кабарлашкан. Өздөрү да өрт өчүрүү кызматы келгенге чейин кампадагы үй-тиричилик техникаларын сактоого аракет жасашкан. Тилеке каршы, тилсиз жоо күчөп кеткен соң натыйжа берген эмес.

Күйүп кеткен кампанын жанында дагы бир канча товарлар сакталган кампалар болгон. Түркиядан түз алынып келүүчү килемдердин ээси Фазлы Түркмендин кампасы да дал ушул өрттөнгөн кампага жанаша жайгашкан. Ал “өрт учурунда биз да баарына даяр турдук” деп билдирет.

— Милиция кызматкерлери мени көрүп “бул жерден чык, башкысы сиздин өмүрүңүз зарыл” дешти. Мен “товарым күйгөндөн кийин менин эмне керегим бар” деп, баары бир кетпей койдум. Өрттү өчүргөнгө кол кабыш кылабыз деп карап турдук, — дейт Фазлы Түркмен.

Учурда кампадагы өрттө күйүп кеткен товарлардын жалпы чыгымы эсептелип жатат. Кампанын ээси комментарий берүүдөн баш тартты. Ошентсе да, кампадагы куйгөн чыгымдын 3 млн доллардан ашканын билдирди. Бирок, ал өрттү электр зымдарынан чыккан деген кепти четке кагып, электр жарыгы талапка жооп бергенин кошумчалады. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Өрт өчүрүү жана алдын алуу башкармалыгынын улук офицери Канат Баргыбаевдин маалыматында, азыркы тапта тиешелүү органдар тарабынан өрттүн келип чыгуу себептери аныкталууда.

— Кечээ саат 19:47де бизге өрт тууралуу маалымат түштү. Биринчи унаа 19:52де жерине барып калды. Өрттү өчүрүүгө жалпысынан 6 өрт өчүрүү унаасы катышты, өздүк курамдан 50 кызматкер иштеди. Он төрт саат иштедик – кечээ саат 20дан бүгүн саат 10го чейин өчүрдүк. Материалдык чыгым көп болду. Бул өрт адамдык факторго — электр каражаттарын этиятсыздык менен пайдалануу, туура эмес эксплуатациялоого байланыштуу деп ойлойм, — деп билдирет Канат Баргыбаев.

Эске салсак, былтыркы жылы Кыргызстандын ири базарларында бир нече өрт чыккан. Январь, март, апрель айларында Ош базарында үч жолу өрт тутанып, жалпысынан 4000 чарчы метрден ашуун соода аянты күйүп кеткен. Өрттүн себеби катары атайын өрттөө версиясы айтылган. Андан соң мартта Орто-Сай базарында да катталган. Анда бир нече соода павильондору күйүп кеткен. Мындай өрт апрелде Жалал-Абаддагы борбордук базарда да чыгып, 344 чарчы метри күйгөн.