ЖАШТАРДЫ ИЙГИЛИККЕ ҮНДӨГӨН АЙЫМДАР

213

Алина Жапаркулова, Улан Нурманбетов, Некст ТВ. Акыркы  учурларда гендердик теңдик маселеси кыргыз коомунда көп талкууланууда. Биз  ХХІ кылымда жашап жатсак дагы, ушул күнгө чейин турмуштук зордук-зомбулуктун жагымсыз көрүнүштөрүнөн арыла албай келебиз. Элдин көпчүлүк бөлүгү аялдардын коомдогу орду бир гана бала тарбиялоо жана үй чарбасы менен алектенүү деп санашат.  Бирок, бизде билимдүү, адис катары жакшы тажрыйбасы бар, эл аралык тажрыйбага ээ кыз-келиндерибиз дагы жок эмес.  Алар кыз-келиндердин жашоосуна кайдыгер карабай, өздөрүнүн ийгиликтери  менен бөлүшүп келишет.

Мындай  ийгиликтүү айымдын катарын толуктаган Айгүл Касымова менен Элнура Сулаймановалар Лондондо экономика жаатында билим алышкан. Өз турмушунда бир катар жетишкендиктерди багындырган алар ким болбосун, аракет кылган адамга ийгилик жаратуунун жолдору көп деп эсептешет. Учурда  бул эки айым  Бишкек шаарынын айланасындагы жаңы конуштардын   мектеп  окуучулары  менен жолугушууларды уюштуруп,  аялдар менен кыздардын коомдогу ролу, тактап айтканда, ийгиликтүү кыз-келиндер туурасында маалымат беришип, алардын дүйнөгө болгон көз караштарын өзгөртүүнү, стереотиптерден арылууну жана алдыга койгон максаттарын жүзүгү ашырууга умтулууга үндөп келишүүдө.

Элнура Сулайманова Inspire Central Asia компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн бири, мурда эл аралык уюмдарда жана Улуу Британиянын парламентинде иштеген, коомдук иштер менен жигердүү алектенет.

— Мүмкүн эмес нерсе жок, эч ким сага тоскоол боло албайт. Сенде максат жана ага жетүүнүн жолдору болсо эле сени эч ким чектей албайт. Эгер тереңирээк ойлоно турган болсок, адам укугун коргоодо Кыргызстан эң акыркы мамлекет эмес. Ал эми эл аралык деңгээлде алсак, бир топ өлкөлөр өнүгүү максатында мамлекеттин келечеги үчүн аялдардын укугун коргоону алдыңкы орунга коюшат.

Ийгиликке жетүү кыйынчылык жаратпай койбойт. Андыктан, ар бир адам  алдына максат коюп, ага жетүү үчүн өзү аракет жасашы керек. Ошондо гана ал адам ийгиликке жетип, коомдо өз ордун таба алат дейт эл аралык уюмдун кызматкери Айгүл Касымова.

— Мен үчүн ийгиликтин сыры – адам өзүн-өзү таанууда. Анткени, ал өзү сүйгөн кесиби менен иш алып барып, коомчулукка пайда алып келсе – бул адамдын жетишкендиги болот. Ал эми менин бүгүнкү күндө жетишкен ийгилигим жөн эле жерден жаралган эмес, анын да өзүнүн кыйынчылыгы, түйшүгү болгон. Бирок, убакыттын өтүшү менен ал кыйынчылыктар унутулуп, ийгиликке жетүү жеңилдей сезиле берет экен.

Жогоруда айтып өткөндөй, бизде ийгиликтүү кыздар жана аялдар көп. Бул албетте, бизди кубандырбай койбойт. Алар  алган билимин, тажрыйбасын жаштар менен  бөлүшүп, өсүп келе жаткан жаш муундарыбызды билимдүү, ийгиликтүү болууга үндөп келишүүдө.