КЫРГЫЗСТАНГА САПАТСЫЗ КҮЙҮҮЧҮ МАЙДЫН КИРИШИ УЛАНУУДА

176

Жаңылай Баймуратова, Некст ТВ. Кыргызстанда төмөн сапаттагы күйүүчү майды ташып келүү токтобой жатат. Эксперттик маалыматтарда, өлкө казынасы аткезчилик менен кирип жаткан күйүүчү майдан жылына 5 млрд сом зыян тартат. Кыргызстандын нефтетрейдерлер ассоциациясынын президенти Канат Эшатовдун маалыматында күйүүчү майлардын баары тең Орусиядан ташылып келет.

— Расмий түрдө күйүүчү майдын баары эле Орусия Федерациясынан келет – бул 1 млн 200 тоннанын тегереги болот. Анын ичинде жүз тоннадан ашуун авиакеросин да бар. Кыргызстандын өзүнүн 8 мунайды кайра иштетүүчү заводу да бар. Алардын кубаттуулугу 2 млн тоннага жакын, бирок алар учурда жылына 250-300 миң тонна эле чыгарып жатат, — деп билдирет Канат Эшатов.

Серепчи Максат Мамытканов аткезчиликтин экономикага тийгизген зыянынан тышкары, начар сапаттагы күйүүчү майдын тийгизген терс таасирлери жарандардын саламаттыгы үчүн өтө чоң экенин баса белгилейт.

— Кыргызстан боюнча 925 май куюучу жай болсо, анын 39 “Газпром-Кыргызстан” компаниясына карайт. Калган 886 май куюучу жайга сапаты ар кандай күйүүчү майлар келет. Айлана-чөйрөбүздү сактай албасак, анда мунун экономикалык кесепети мындан да кымбатка турат. Буга чейин начар сапаттагы бензин менен жан багабыз деп, андан чыккан түтүн менен дем алып, ден-соолугубузду бузгандан кийин канчалаган дары-дармек колдонобуз. Ал дарыларды биз өзүбүз өндүрбөйбүз, аларды биз сырттан импорт кылып алып келебиз. Ошентип, биз өзүбүздүн акчаларыбызды сыртка чыгарып ийип жатабыз, — дейт серепчи.

Ал эми Тышкы иштер министрлигинин Байкоочу кеңешинин төрайымы Анаркүл Султангазиева күйүүчү майды аткезчилик жол менен алып кирүү уланып жатканын жана бул көрүнүш калктын саламаттыгына олуттуу таасирин тийгизип, ар түркүн оорулардын көрсөткүчү өсүп жатканын билдирет.

— Бул билинбегени менен абдан кооптуу. Айрыкча, жаш балдардын ден-соолугуна терс таасирин тийгизет. Мына азыр жашы жете электер арасында жүрөк, кан азайуу, инсульт оорулары күч алды. Бул эми ачыкка чыккандары. А дагы канчалаган ооруларды алып келээри белгисиз. Жаш балдар биздин келечек – ага мамлекет чара көрүшү керек деп ойлойм, — деп айтат Анаркүл Султангазиева.

Буга байланыштуу эксперттер Евразиялык экономикалык комиссиясынан техникалык регламентти дагы бир жолу, 2023-жылга чейин узарта турууну суранышууда.