КЫРГЫЗСТАНДА 2020-ЖЫЛДЫ “ОРУСИЯ ЖЫЛЫ” ДЕП ЖАРЫЯЛОО ПЛАНДАЛУУДА

244

Алина Жапаркулова, Некст ТВ. Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев Орусиянын Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчиси Николай Удовиченкону кабыл алды. Элчи мырза жакын арада Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведевдин Кыргызстанга келээри күтүлүп жатканын маалымдады жана тараптар соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтык маселелерин талкуулашты. Бул жолугушууда, 2020-жылы Орусияда “Кыргызстан жылы”, Кыргызстанда “Орусия жылы” деп жарыялоо жөнүндө мамлекет башчыларынын макулдашканы жана анын алкагында атайын уюштуруу комитети түзүлгөнүн маалым болду.

Бирок, премьердин Кыргызстанда 2020-жылды “Орусия жылы” деп жарыялоо жөнүндөгү билдирүүсүнө коомчулук арасында ар кандай ача пикирлер айтылууда. Айрымдары бул мамлекет башчыларынын макулдашуулары биздин өлкө үчүн пайдасы чоң десе, кээ бир жарандык активисттер бул жөн гана Орусияга жагынуу же кошаматчылык максатында жасалып жаткан популисттик кадамдар экендигин айтышууда. Жарандык активист Айбек Мырза бийликтин бул чечимин Орусияга кошоматтануудан башка пайдасы жок деп эсептейт.

Менимче бул жагынуу жана кошомат кылуу саясатынын уланышы болууда. Эч кандай реалдуу кадамдар болбойт. Буга чейин деле “Региондорду өнүктүрүү жылы” жана башка деп жарыялап келдик, бирок эч кандай жыйынтык болгон жок. Анткени конкреттүү иш-чаралар, аларды каржылоо булагы жок эле, куру сөз, пиардын деңгээлинде ММКларга жарыялап келгенбиз. Элдин азыркы маанайын эске алганда, мисалы Атамбаевдин маселеси боюнча Сооронбай Жээнбековду В.Путин жолдон чакырып алып биздин ички ишке кийлигишкени бир топ нааразылыкты жаратты. Ушундай абалда 2020-жылды “Орусия жылы” деп атоо туура эмес. Бул жагынуу менен кошоматчылыктын эле деңгээли. Мындай иш-аракеттер мен биз элди алдабашыбыз керек, — дейт Айбек Мырза.

Ал эми кыргыз-орус ишкерлер кеңешинин аткаруучу директору Медетбек Шамшыбеков бул эки өлкөнүн макулдашуусу биринчиден экономикалык, билим берүү тармагынын  мындан ары дагы өсүшүнө алып келет дейт. Мындан сырткары, Орусиядагы мигранттардын социалдык статусун жакшыртууга мүмкүнчүлүгү чоң экендигин баса белгилеп, эгерде бул макулдашуулар ишке ашып калса, Кыргызстан гана ута тургандыгын айтып өттү.

Азыркы күндө Орусия биздин экспорт-импорт боюнча алдыңкы катардагы мамлекеттердин бири. ЕАЭБдин мүчөсү катары да кийинки жылдары биздин эки өлкөнүн товар жүгүртүүлөрү абдан өсүп жатат. Бизнес чөйрөсүндө да орус инвесторлору Кыргызстанга бир топ иштерди аткарып жатышат. Ошондуктан, 2020-жыл Орусия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы жылы, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Орусия Республикасындагы жылы деп жарыяланып, ишке ашып калса менимче Кыргызстан утуунун гана үстүндө болот, — деп айтат Медетбек Шамшыбеков.

2020-жылы Орусияда “Кыргызстан жылы”, Кыргызстанда “Орусия жылы” деп жарыялоо жөнүндө мамлекет башчыларынын макулдашуулары жүзөгө ашабы-жокпу, азырынча белгисиз.