КЫРГЫЗСТАН ӨЗБЕКСТАНДАН КАРЫЗ АЛУУГА МУКТАЖБЫ?

194

Алина Жапаркулова, Некст ТВ. Кыргыз мамлекети коңшу Өзбекстандан 100 миллион доллар насыя алууну пландап жатат. Бул тууралуу кечээ 1-августта экономика министри Санжар Мукамбетов билдирип, бул маселе кыргыз-өзбек премьер-министрлеринин сүйлөшүүсүндө карала тургандыгын белгилеп өткөн. Көп өтпөй, бул  насыя алуу боюнча коомчулукта катуу талкуу жаралып, ар кандай  ача пикирлер айтылып жатат. Коомдук талкуунун негизги багыты коңшу Өзбекстандан карыз алуу Кыргызстандын эгемендигине доо кетирип, кандайдыр бир көмүскө сооданын бир бөлүгү болушу мүмкүн деген күмөн пикирлердин айланасында жүрүүдө.

Саясатчы Камчыбек Ташиев бул келишимге кескин каршы пикирин билдирип, социалдык тармакта пост жазды.

Улуттун кызыкчылыгы тебеленди! Өзбекстан, Тажикстан мамлекеттери менен биз өтө этият, кылдат мамиле түзүүгө милдеттүүбүз. Себеби, мамлекеттик чек араларыбызды толук тактап бүтө элекпиз, ар дайым кагылышып турабыз жана атаандашкан өлкөлөрдөнбүз! Тажик президентинин кечээги түрүн карап, көрүп туруп мен түшүндүм – чек ара маселеси жакын арада чечилбейт экен. Кол коюлган документтерин көрбөй туруп эле айтууга мажбур болуп турам. Себеби кээ бир өлкөлөр үчүн чек ара маселесинин чечилбегени ыңгайлуу жана жерлерин кеңейткенге мүмкүнчүлүк алышат. Мына кредиттин кесепети! Бул өкмөттү кетсин деп биринчилерден айтып чыктым эле. Өтө уят иш болду, улуттун намысына доо кетирди, бул келишимди аткарууга мүмкүн эмес! – деп жазды Камчыбек Ташиев.

Өкмөт бул насыяны алуунун алдында Жогорку Кеңеш менен талкуулап анан гана алыш керек. Себеби, өкмөт мындай маселени  бир күндө, чечип,  депутаттардын  талкуусу жана макулдугу жок насыяны ала албайт, бул сөз жөн гана элдин оюн билүү максатында текшерип айтып жатышат дейт саясий серепчи Максат  Мамытканов.

— Бул насыяны алаарда мамлекеттик деңгээлде документтер даярдалышы керек. Документтер Жогорку Кеңешке келип, ал жерде талкууланышы керек. Парламентке каржы министри, өкмөттөгүлөр келип түшүндүрүп бериши керек. Жогорку Кеңештин макулдугу жок Өкмөт бул насыяны ала албайт. Ошондуктан, бул элдин маанайын текшермей эле – эл кандай кабыл алат, ушундай кылсак кандай болот экен деп, — деген ойду карманат Максат Мамытканов.

Экономика министрлиги бул насыялык линияны өкмөттөр аралык эмес, компаниялар ортосундагы лизингдик келишим катары түшүндүрүүдө. Тагыраагы жүз миллион доллардык келишим Самарканддагы автомобиль заводу менен Айыл банктын өз ара лизингдик келишим болуп саналат. Экономика министрлигинин соода-сатык башкармалыгынын башчысы Кубан Айдаралиев талкууланып жаткан насыя өкмөттөр аралык эмес, жеке компаниялардын ортосундагы келишимдин негизинде алынаарын айтат.

— 2017-жылдын күзүндө Айыл банктын директорлор кеңешинин мүчөсү, лизинг башкармалыгынын жетекчиси Өзбекстанга барганда алардын бир катар ишканалары менен келишим түзүлгөн. Ошол келишимдин негизинде Самарканд автоунаа чыгаруучу заводу автобустарын, жүк көтөрүүчү унааларын жана Ташкенттеги айыл-чарба техникаларын чыгаруучу заводдун унааларын бизге алып келип, лизингге таратмак. Бүгүнкү күнгө чейин ошол келишимде каралган 100 млн доллар каражатты алар которуп беришмек. Бул насыя жылына 6% үстөгү менен алынат, — деп түшүндүрөт Кубан Айдаралиев.

Өзбекстан Кыргызстанга бере турган 100 миллион доллар боюнча чечим быйыл күзүндө кабыл алынат. Министрдин айтымында, шарттар азырынча белгилене элек. Маселе сентябрь айына пландалып жаткан кыргыз-өзбек өкмөт аралык комиссиясынын жыйынында каралат.

Белгилей кетсек, 2017-жылы кыргыз мамлекетинин башчысы Сооронбай Жээнбеков Ташкентке барганда Кыргызстанга 100 миллион доллар бөлүү тууралуу макулдашууга кол коюлгандыгы маалымдалган. Экономика министрлиги бул акча Өзбекстандан товар ташып келе турган ишкерлерге коммерциялык банк аркылуу берилерин, өкмөт жоопкерчилик албасын айткан.