ПУТИНГЕ КАТ – КЫРГЫЗ БИЙЛИГИНЕ КОҢГУРОО

587

Акылай Маратова, Кубатбек Айбашов – Next TV. Орусиянын президенти Владимир Путинге жардам сурап кайрылган Кара-Суу районунун тургундарынын катын атайын түзүлгөн комиссия текшерет. Комиссия жамааты андагы ар бир пунктту текшерип, тактап чыгышат. Кара-Суу районунун акиминин орун басары Мээрим Жороеванын билдиришинче, буга чейин жер маселесине байланыштуу Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысы текшерилип, бирок доогерлердин арызынан тастыкталган факты катталган эмес.

— Биз аны териштиребиз. Комиссияга бардык тараптарды – экотехинспекция, мамкаттоо, архитектура, жер адистери – ошол жерге тиешеси барлардын баарын кошуп, ар бир пункт боюнча текшерип чыгууну тапшырып жатабыз, — дейт акимдин орун басары

Атайын түзүлгөн топ доогерлердин арызын текшерип 14 күндөн кийин жыйынтык чыгарып бериши мүмкүн. Эгер жаңы жагдайлар чыгып калса андан да созулуп кетиши ыктымал дейт Жороева.

Ал эми Кара-Суу районунун  Кызыл-Кыштак айылынын тургундары  коррупциянын тамыры биздин  айылда дешет. Буга чейин жергиликтүү тургундар өздөрү жашаган айыл өкмөттү ачык сындап келишкен. Бирок, аларга коомчулук да, бийлик өкүлдөрү да көңүл бурган эмес. Андыктан  тургундар Орусиянын президенти Владимир Путинден жардам суроого аргасыз болушканын айтышат. Жергиликтүүлөрдүн арызында алар жер алуу үчүн  жылдап кезекке туруп, жыйынтыгында жерлер акчалууларга гана сатылып, укук коргоо органы аларга чара көрбөй жатканы айтылган.

Орозкан Токторалиева, Кызыл-Кыштак айылынын тургуну

— Коррупциянын элементтери биздин айыл өкмөттө эң көп. Биз карапайым эл минтип коррупцияны таап берип жатабыз. Бирок, ошону ортомчулар президентке жеткизбей жатышат. Эмне үчүн? Владимир Путиндин келе жатканын биз дагы угуп жатабыз – интернетти карап турабыз, азыр илим менен билимдин жетишкен маалы. Ошондуктан Путин аркылуу да кайрылып көрүүнү чечтик, — деп түшүндүрөт Кызыл-Кыштак айылынын тургуну Орозкан Токторалиева.

Шарабидин Капаров, Кызыл-Кыштак айылынын башчысы

Кызыл Кыштак айылынын башчысы Шарабидин Капаров болсо бул айыптоолорду четке кагып,  арызданып жатышкан жергиликтүү тургундар буга чейин эле жер тилкелерин алышкан дейт.

Биз токтом чыккан адамдарды жерге орноштуруу үчүн тизмени архитектурага беребиз. Бирок, эгерде архитектура жерди бербей жаткан болсо, анда муну алардан сураш керек, — деп жооп берди Кызыл-Кыштак айылынын башчысы Шарабидин Капаров.

Кара-Суулуктардын кайрылуусу жөн жерден жаралбады. Бул кайрылуу  жаңы бийлик менен элдин ортосундагы байланыш төмөндөгөнүнөн  кабар берет. Мындай пикирди коопсуздук боюнча талдоочу Максат Мамытканов айтып, азыркы бийликтин начар, алсыз системасы ачыкталганын кошумчалайт.

Максат Мамытканов, талдоочу

Бул биздин саясий системанын чабалдыгынын кесепетин көрсөтүп жатат. Демек, эл менен бийликтин ортосундагы байланыш начар болуп жатканынын белгиси. Андай болобошу керек. Бийлик мындан жыйынтык чыгарышы зарыл. Демек, бирдеме тоскоолдук кылып жатат. Элдин арыз-муңдарын бирөө угуш керек да, — дейт талдоочу.

Жаңы дайындалган бийликтин системасы менен жергиликтүү бийликке укук берилип, талап күчтүү болуш керек. Легендарлуу парламенттин депутаты Жамин Акималив негизги  критерий элдин ишеничи болгондуктан алардын талабы биринчи орунда туруш керектигин белгилейт. Жергиликтүү бийликтин жардам сурап кайрылганы бийлик үчүн коңуроо кагылгандыктан,  элдин көйгөйү менен жеринен таанышып, кагаз жүзүндө эмес иш жүзүндө жүзөгө ашырууга убакыт келгенин айтат.

Жамин Акималиев, легендарлуу парламенттин депутаты

— Бул биздин бийликтин бардык тармактары, деңгээлдери үчүн коңгуроо болуш керек. “Калк айтса – калп айтпайт” дейт, алар бекер кайрылышкан жок. Анткени, Путиндин аброю күчтүү да, — деген пикирде Жамин Акималиев.

Соңку убакыттарда сот системасына элдин ишеними кайтып, башка өлкөдөн акыйкат издеп кайрылгандардын саны өсүүдө. Алсак, улуттар аралык жаңжалды козутту деген жүйө менен өмүр бою эркинен ажыратылган Азимжан Аскаров БУУдан акыйкат чечим чыгарып берүүсүн суранса, ушундай эле жүйөө менен “Ата-Мекен” партиясынын лидери, саясатчы Өмүрбек Текебаевдин жактоочулары да БУУга кайрылышып расмий каттоого алынды. Сот системасындагы адилетсиздиктен улам эл аралык абройлуу уюмдарга кайрылуу оюн жакында абактан чыгышкан саясатчылар Бектур Асанов менен Кубаныч Кадыров да билдиришкен.

Ал эми, депутат Акылбек Жапаровдун өлкөгө келген инвестициялык каражаттар сарамжалсыз иштетилип жаткандыктан, Кыргызстандын ар бир дубанын өнүккөн өлкөлөргө шефтикке берип коюу сунушу коомчулукта талаштуу пикирлерди туудурду.

Өкмөт болсо, дүйнөлүк экономикадагы оомал-төкмөл кырдаалга карабай Кыргызстан ишенимдүү өнүгүп, Кытай менен Түкиядан да жакшы көрсөткүч менен баратканын айтууда.