СИРИЯ МЕНЕН ИРАКТАГЫ МЕКЕНДЕШТЕРДИ КАЙТАРУУ АРАКЕТТЕРИ ЖҮРҮҮДӨ

209

Жоодар Бузумов, Некст ТВ. Сирия менен Ирактын Курдистан аймагында согуш лагерлеринде кармалып жаткан кыргызстандыктарды мекенине кайтарып келүү үчүн коомдук кыймыл түзүлдү.

Бул миссияны аткаруу Кыргызстандын кайдыгер эмес демилгелүү жарандары тарабынан колго алынып, кооптуу аймактардагы эне-балдарды өлкөгө алып келүүгө жеке ресурстар менен каражаттар каралып жатканын маалымдашууда. Жакын арада бул маселелер жөнгө салынып чечилип калса, аларды өз мекенине кайтарып келип, моралдык колдоо көрсөтүү менен калыптандыруучу убактылуу борборлорду уюштурушмакчы.

Уюштуруу комитетинин мүчөсү Айзада Деркембаева кооптуу аймактардагы мекендештерди алып келүү жана алардын коомго аралашуусун уюштуруу боюнча иштиктүү пландар даярдалып жатканын билдирет.

— Аларды алып келүүгө өзүбүздүн так жана толук ресурстарыбыз бар. Шарттары дайындалып жатат. Буюрса, аман-эсенчиликте барып, эне-балдарды кыйынчылыксыз алып келип алсак, аларды кайрадан калыптандыруу борборлорун ачып, жардам көрсөтүп, бардык муктаждыктарын тейлеп берүүгө даярданып жатабыз, — деди Айзада Деркембаева.

Мына ушундай демилге менен чыгып жаткан демилгелүү топтун мүчөлөрү тийиштүү мамлекеттик органдардын көмөктөшүүсүн күтөт. “Эгер өкмөт бул ишти колдоого алып, документтик жактан жардамын көрсөтө турган болсо, калган маселеде эч кандай тоскоолдуктар болбойт эле” деген кыймыл мүчөлөрү катуу даярдыкта. Өзүн мурда күч түзүмдөрүндө иштеп кеткен адам катары тааныштырган Кубанычбек Токтосунов “эл аралык иштерде тажрыйбам бар жана ал жактагы байланыштарым дагы күчтүү” деп ишендирүүдө.

— Учурда кеңешүү иштери жүрүп жатат. Мен ал жактагы адамдар менен сүйлөшүүлөрдү баштагам. Жуманын аягына чейин виза алсак, эки кишини ал жакка жөнөтөбүз. Алар биздикилердин ал жактагы ал-акыбалын көрүп, таанышып келишет. Андан кийин чек арадан өтүү, учактарды алып баруу, кондуруу иштерин уюштурабыз. Бул үчүн мамлекеттик органдар менен биргеликте иш алып барышыбыз керек. Биз азыр аларды чогуу иштөөгө чакыруудабыз, — деп билдирди Кубанычбек Токтосунов.

Эми аталган коомдук кыймыл юридикалык жактан уюшулуп, адилет министрлигинен каттоодон өтүү алдында турат. Андан кийин Ирактын Курдистан аймагындагы жарандарды мекенге кайтарууда биргеликте кызматташуу үчүн өкмөткө сунуш киргизгени жатышат.

Анткен менен, бүгүн тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков жана Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар фондунун Кыргызстандагы жаңы дайындалган өкүлү Кристин Жольмд менен жолугушуу өткөрүп, Ирактагы кыргызстандык балдарды алып келүү маселесин талкуулашты. Анда БУУнун өкүлү өзү жетектеген уюм балдарды кооптуу аймактардан эне-балдарды кайтарып алуу боюнча уюштуруу иштерин колдоого даяр экенин билдирди.

Тышкы иштер министрлиги буга чейин Сирия жана Ирактагы кыргызстандыктарды алып келүү боюнча иштер жүрүп жатканын айткан. Министрдин маалыматына караганда, ал жактагы жарандардын санын тактоо иштери жүрүп жатат.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин маалыматына караганда, ушул күнгө чейин Сириянын согуш жүргөн аймактарына баш-аягы 800дөй кыргыз жараны кеткен. Анын ичинен 200дөн ашыгы курман болгон. Террордук топторго кошулуп кеткен кыргызстандыктардын 140ка жакыны аялдар экени айтылып жүрөт. Көбү 2013-2015-жылдардын аралыгында кетип калышкан.

Коңшу Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстан жарандарын артка кайтаруу жаатында алгылыктуу иштерди жасап, көптөгөн мекендештерин өз өлкөлөрүнө кайтарып алып келишкени маалым.