ТЕКЕБАЕВДИН ИШИНИН БУУда КАРАЛЫШЫ БИЙЛИК БЕТИНЕ КӨӨ ЖАБАТ

843

Акылай Маратова — Next TV. «Ата-Мекен» партиясынын лидери, учурда абакта отурган Өмүрбек Текебаевдин ишин БУУнун адам укуктары боюнча комитети расмий каттоого алды.

“Адилет” укуктук клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупованын айтымында, комитеттин эксперттери аларга ушул жылдын 26-февралында кайрылууну кароого кабыл алышканын  билдиришкен. Эгер бийлик аталган уюмдун чыгарган жыйынтыгын жокко чыгарып, аткаруудан баш тартса бул Кыргызстан үчүн өтө кооптуу болот.

Чолпон Жакупова

— Эгерде тескери баа берилсе, анда бул ошого жараша инвестициялык климатка, донордук программаларга таасирин тийгизет. Анткени, өзүн сыйлаган эч бир донор соттору саясий буйрутма менен иштеген, өзү аныктаган мыйзамдарды өзү бузган өлкөгө келбейт, — дейт юрист Чолпон Жакупова.

Буга чейин эле Өмүрбек Текебаев  БУУга кайрылууга мүмкүнчүлүгү бар болчу. Бирок, ал саясатчы катары демократиялуу өлкөдө жашагандыктан анын кайрылуусу мамлекетке кедергисин тийгизип, жаңы дайындалган президентке шек келтирбөөнүн негизинде кайрылган эмес. Эгерде БУУнун чечимине чейин жаңы жагдай менен Текебаевдин ишин карап, сот мыйзамдуу түрдө актабаса БУУнун жыйынтыгы Текебаевдин ишинде саясий куугунтук бар деп табышы ыктымал.

Коомдук ишмер Ишенбай Кадырбеков Текебаевдин ишинин БУУда каралышы Кыргызстанга абийир алып келбешин айтат.

Ишенбай Кадырбеков

— Акыры жүрүп отуруп, айлар-жылдар өтүп акыйкаттык, калыстык болбогондо Өмүрбек Текебаев БУУга кайрылды. Бул кайрылуу Кыргызстандын укуктук мамлекет экендигинен күмөн жаратат. Акыры бир чечим чыгат – чечим Текебаевдин пайдасына чыгарына жүз пайыз көзүм жетип турат. Ал чечимдин негизинде Кыргызстан ишти карайт. Көзүн жуумп карабай койсо деле болот. Анда ого бетер абийирибиз кетет, — деген пикирде Ишенбай Кадырбеков.

БУУнун Текебаевдин ишин караганы Кыргызстан үчүн жагымсыз окуя.  Анын жыйынтыгы Кыргызстандагы саясатты чоң өзгөрүүгө  алып келиши мүмкүн. Мунун арты менен сот системасындагы адилеттүүлүктүн жоктугу ачыкталып, калпыс мамилеси ачыкталышы мүмкүн.

Экс-депутат Каныбек Осмоналиевдин көз карашында, БУУнун бүтүмү Кыргызстандын сот, укук коргоо системасындагы көйгөйлөрдү ачыктап коет.

Каныбек Осмоналиев

— БУУнун тыянагы чыкса – бул Кыргызстандагы саясий истеблишменттин чоң өзгөрүүсүнө алып келет. Укук коргоо органдарынын, анын ичинде сот, тергөө органдарынын иштеринин калпыстыгын айгинелеген дагы бир чоң бүтүм болот, — дейт Каныбек Осмоналиев.

Буга чейин “Адилет” укуктук клиникасы “Ата Мекен” партиясынын абактагы лидери Өмүрбек Текебаевдин ишин кайра кароо тууралуу өтүнүчүн Жогорку cотко жиберген. Клиниканын жетекчиси Чолпон Жакупова билдиргендей  өтүнүч жаңы жагдайга – Кылмыш-процессуалдык кодекстин ишке киргенине байланыштуу берилген.

Эске салсак, «Ата Мекен» партиясынын лидери, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы жана экс-депутаты Өмүрбек Текебаев 2017-жылы орусиялык жаран Леонид Маевскийдин көрсөтмөсүнүн негизинде «Коррупция» беренеси менен айыпталып, сегиз жылга кесилген. Муну Текебаев саясий чечим деп баалган.